"Дордойдогу" өрттөн 3 адам жабыркады. Бири өрт өчүрүүчү
RU

"Дордойдогу" өрттөн 3 адам жабыркады. Бири өрт өчүрүүчү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-июлда "Дордой" базарында өрт чыгып, соода жайдын 1000 чарчы метр аянты күйүп кетти. Эртең менен катталган өрттү өчүрүү саат 14:18де мүмкүн болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркаганын маалымдады. Белгилүү болгондой, түтүнгө уулангандардын бири шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери.

Андан тышкары тилсиз жоодон бир нече контейнерлер, товарлар күйүп кетти. Азыркы учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгамдар такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7399