"Акыркы сабак" сериалынын баш каармандары жакында үй-бүлө болушат
RU

"Акыркы сабак" сериалынын баш каармандары жакында үй-бүлө болушат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Акыркы сабак" сериалынын башкы каармандары болгон Кутман Айылчиев менен Океана Урматбек жакында бош кошушат. Түгөйлөр социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, "жакында үй-бүлө болобуз" деген билдирүү калтырышкан.

Видеодон Кутман Айылчиев Океананын колун сурап макулдугун алганын көрүүгө болот. Актриса менен байланышканыбызда ал буларга токтолду.

"Негизи колумду буга чейин эле сураган. Бирок Кутман экөөбүз жарыя кылбай туралы деп сүйлөшкөнбүз. Кечээ видео менен бөлүштүк. Экөөбүз калган маалыматтарды сыр бойдон калтыралы деп сүйлөшүк", - дейт ал.

Белгилей кетсек, режиссёр Руслан Акундун "Акыркы сабак" сериалы 2021-жылы элге көрсөтүлгөн. Анда Кутман менен Океана бири-бирине сезимдери бар түгөйлөрдүн образын жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7403