Алып баруучулар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиеванын үйүнө уурулар кирди
RU

Алып баруучулар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиеванын үйүнө уурулар кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Теле алып баруучулар Мирзат Муканов менен Айзуура Иманалиеванын үйүнө уурулар киришти. Бактыга жараша, жабыркагандар жок жана материалдык чоң чыгым келтирилген эмес. Бул тууралуу Айзуура айым менен байланышканыбызда маалым болду.

"Биз үйдө жок болчубуз. Түн ичинде киришкен окшойт, келсек баары чачылып жатыптыр. Менин бижутерияларымдан (алтын деп ойлосо керек), Мирзаттын "маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алып кетишиптир. Бул окуя боюнча милицияга кайрылган жокпуз. Буга чейин кайрылгандарды көрүп жүрөбүз да.

Ак эмгегиң менен кылып жаткан нерсеңди тепселеп киргенине ичибиз ачышты. Уурулук жакшы жакка алып барбай турганын көрүп эле жүрөбүз да. Ошол нерсени түшүнбөгөнүнө кейидим. Ыйман берсин!", - деди ал.

Айзуура айым тургундарды сактык чараларын күчөтүүгө чакырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7414