"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси милицияга сурак берип чыкты. Себеби
RU

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси милицияга сурак берип чыкты. Себеби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кече, 5-июлда "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева Бишкектин Ленин райондук милициясына күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу аталган медиа өзү жазып чыкты.

Суракка чакыруунун себеби Равшан Жээнбековдун мамлекеттин тышкы карызы тууралуу жазган билдирүүсү болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганада Жээнбеков "Азаттык Медиа" мекемесинин маалыматтарына таянып билдирүү жасаган.

Суракта аталган сайтка жарыяланган маалыматтардын булактарын билүүгө аракет кылышкан. Тергөөчү сурак кайсы бир иштин алкагында эмес, маалымат алуу максатында гана уюштурулганын билдирди. Сурак эки жарым саатка созулган.

Эскерте кетсек, буга чейин Жээнбеков саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМК күнөөлүү экенин айтып, ал тургай мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевди да көрсөткөн. Кийин суракка чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7421