Жээнбековдун билдирүүсүнөн улам "Азаттык" менен "Клооптун" жетекчилери суракка чакырылууда
RU

Жээнбековдун билдирүүсүнөн улам "Азаттык" менен "Клооптун" жетекчилери суракка чакырылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, Kloop редакциясынын редактору Ислам Розиев Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына күбө катары чакырылган. Ал эми "Азаттыктын" жетекчиси Айзада Касмалиеваны бүгүн экинчи жолу суракка чакырып жатышат.

РИИБдин маалыматы боюнча, сурак оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун өлкөнүн тышкы карызы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу болуп жатат. Жээнбеков ал билдирүүсүн айрым ЖМКларга таянуу менен жарыялаган. Анын ичинде "Азаттык" жана "Kloop" бар.

Ал эми Жээнбеков укук коргоо органдарын журналисттерди жайына коюуга чакырды.

"Өлкөнүн тышкы карызы миллиард доллардан ашышы мүмкүн экендиги боюнча пост жазгам. Ал боюнча тергөөчүлөр мени суракка алышкан. Мен маалыматтарды ачык булактардан - Азаттык, Kloop жана Sputnik аркылуу алганымды айттым. Ошондон кийин журналисттерди суракка чакыра башташты. Бул адилетсиз жана мыйзамсыз деп ойлойм. Алар болгону өз жумушун аткарып жатышат, менин саясатыма тиешеси жок. Аларды жайына койгула", - деди ал.

Эске салсак, 1-июль күнү кечинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков кармалганын билдирген. Ал бир нече саат суракка алынган. Анын себеби Фейсбуктагы өлкөнүн тышкы карызы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу экенин айткан. ИИМ Равшан Жээнбековдун мындай жарыясы коомдо туруксуздукка алып келиши мүмкүн деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7430