Актёр Мирлан Абдулаев Кыргызстандан кетүүнү чечти
RU

Актёр Мирлан Абдулаев Кыргызстандан кетүүнү чечти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир канча тасмаларда роль жараткан актёр, режиссёр Мирлан Абдулаев башка өлкөгө көчүп кетет. Бул туурасында актёрдун досу Канатбек Азиз Facebook`ка жазып чыкты.

Анын айтымына караганда, актёр башка өлкөнүн туруктуу жашоочусу болот.

"Кыргызстандын таланттуу актёру, кыргыз элинин татыктуу уулу жана чыгармачыл чөйрөнүн көрүнүктүү өкүлү тынч, ызы-чуусуз өлкөдөн кетип жатат. Мындай кабарды укканда маанай чөгөт", - деп жазат ал.

Мирлан Абдуллаев "Уурунун махабаты", "Аят", "Аят-2", "Уул", "Таанышуу"

"До+Фа", "Курманжан Датка" жана башка 20дан ашуун тасмаларда роль ойноп, клиптерге тартылган. Ал эми "Балакай" тасмасына режиссёрлук кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7456