Мэрия жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады
RU

Мэрия жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясында коомдук транспорттун тарифтерин көтөрүү боюнча талкуулар жүрүүдө.

19-январда ошол кездеги Бишкек шаарынын мэринин милетин аткаруучу Балбак Түлөбаев маршруткалардын айдоочулары менен жолугушкан. Жолугушуудан кийин айдоочулар ага тарифтерди көтөрүү зарыл экендигин далилдеп бергендигин билдирген. Түлөбаевдин айтымында, 2021 жылдын май айында тарифтер көтөрүлөт. Бул маселе алгач экономика министирлигинде талкууланып, андан кийин коомдук талкууга берилет. Бул сөздөн кийин айдоочулар жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышкан.

Бишкектин мэриясы 1-февралда муниципалдык коомдук траспортунда жүрүү тарифтерин өзгөртүү боюнча нормативдик-укуктуу акт боюнча коомдук талкуу башталганын маалымдаган.

Шаардык транспорт башкармалыгы "Айрым транспорт токтомдорунда транспорт чөйрөсүндөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" аналитикалык документтерди даярдаган. Анда учурда коомдук транспорттун ишинде бир нече маселелер бар экендиги айтылат. Мисалы, 2012 жылдан баштап өзгөрбөгөн жүрүү тарифтердин төмөндүгү жазылган.

"Улуттук статкомдун маалыматы боюнча Бишкек боюнча орто айлык маянасы 20500 сомду түзөт. Ал эми, маршруткалардын айдоочуларынын айлыгы 13-14 миңдин тегерегин түзөт. Айлыктын аздыгынан айдоочулардын арасындагы кадрлардын агымы өтө жогору.

Анализдин негизинде муниципалдык коомдук транспорттун тарифин 11 сомго, жеке транспорт компаниясынын транспортунун тарифин 15 сомго чейин көтөрүү сунушталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/745