Мирбек Атабековдун жубайы жол кырсыгына кабылды
RU

Мирбек Атабековдун жубайы жол кырсыгына кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепберген АКШда жол кырсыгына кабылды.

Ал бул тууралуу Twitter'деги баракчасына жазып, унаанын багажниги, бампери зыянга учураганын айтат.

"Америкада биринчи жолу жол кырсыгына кабылдым. Абалым жакшы, болгону шок абалда болдум. Мени сүзгөн аял да жакшы. Алаксып кетип аралыкты сактабай калыптыр. Кырсыктан кийин экөөбүз тең бири-бириздин абалыбызды сураштык. Экөөбүз тең адекваттуу экенбиз. Ызы-чуусу жок тарадык. 3 сааттан кийин аябай ызааланып ыйлап алдым.

Тиги аял күнөөсүн моюнга алды. Бул окуя боюнча камсыздандыруу кампаниясы иш алып барат", - деп жазат ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7491