Казак продюсери Баян Максат кызынын мурдагы жолдошу мөөнөтүнөн мурда абактан чыгат
RU

Казак продюсери Баян Максат кызынын мурдагы жолдошу мөөнөтүнөн мурда абактан чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү казак продюсери Баян Максат кызынын мурдагы жолдошу Бахытбек Есентаевди мөөнөтүнөн мурда бошотууну сот канааттандырды. Бул туурасында казак басылмалары Капшагай шаардык сотуна таянып жазып чыгышты.

Андагы маалыматта 12-июлда сот Есентаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арызын караганы жазылат.

"Соттолуучу жана анын жактоочусу арызды толугу менен колдоп, канааттандырууну суранышты. Жабырлануучу Баян Максат кызы менен анын өкүлү дагы Бахытбек Есентаевди шарттуу түрдө бошотууга макул болушту.

Эсентаев жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөгөн (6 жыл, 1 ай 2күн), жүрүм-туруму боюнча да даражасы оң. Ал жасаган кылмышынын коомдук коркунучтуулугун түшүнүп, кылган ишине өкүнгөн. Соттун өкүмүнө ылайык, ал процессуалдык чыгымдарды ыктыярдуу түрдө төлөп берди", - деп айтылат соттун маалыматында.

Шаардык сот Эсентаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арызды канааттандырды. Азырынча токтом күчүнө кире элек.

Бахытбек Есентаев 2016-жылдын июнь айынан бери күчөтүлгөн тартиптеги абакта жазасын өтөп келет. Ал мурдагы жубайы Баян Максат кызын (бычактап, ур-токмокко алган) өлтүрүүгө аракет кылган деп 9 жылга эркинен ажыратылган. Мыйзамга ылайык, мындай кылмыш өзгөчө оор деп каралат. Ошондуктан бул квалификация боюнча соттолгондор жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөгөндөн кийин гана мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө эркиндикке чыгуу жөнүндө арыз бере алышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7497