Чек лотереясынан утушка ээ болгон эки жеңүүчүнүн байгелери жокко чыгарылды
RU

Чек лотереясынан утушка ээ болгон эки жеңүүчүнүн байгелери жокко чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык кызматынын "Чек талап кылып, байгеге ээ бол" лотереясынын байкоочу комиссиясы эки жеңүүчүнүн байгелерин жокко чыгарды. Комиссиядан Kaktus.media`га утушка ээ болгондордун экөө оюндун талаптарын бузган дешет.

Белгилүү болгондой, Бекмырза Улугбеков 1-июлда 3 жолу утушка ээ болуп, система эки утушту жокко чыгарып, акырында микротолкундуу мешке ээ болгон.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бир эле жарандын байгелүү 3 лотереяга ээ болушун деталдуу карап чыгышып, Улугбеков өзү башкы эсепчи болуп иштеген мекеменин кассалык дүмүрчөктөрүн сканерден өткөргөнүн аныкташкан. Буга байланыштуу байге жокко чыгарылып, Улугбеков дагы оюндан четтетилди.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы iPhone 13 телефонун утуп алган Рывангүл Хашимованын башка мамлекеттин жараны экенин аныктады. Ал каттоодон өтүп жатканда мөөнөтү өткөн Кыргыз Республикасынын паспортундагы ПИН-кодун жазган. Лотереянын шарты боюнча, бул жолу бөлүштүрүлбөй калган байгелер экинчи турдун байге фондуна которулат. Экинчи тур 2022-жылдын 1-октябрында өтөт.

"Лотереялар жөнүндө" мыйзамга жана "Чекти талап кылып, байгеге ээ бол!" кызыктыруучу лотереясын уюштуруунун жана өткөрүүнүн шарттарына ылайык, төмөндөгү талаптар зарыл болуп эсептелет:

- 18 жашка толгондор;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортуна ээ болуу;

- киреше табуу менен байланышпаган жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) буюртма кылган, сатып алуу ниети бар керектөөчүлөр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7511