Бишкекте 13-кабаттан өспүрүм кыз кулап каза болду
RU

Бишкекте 13-кабаттан өспүрүм кыз кулап каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Жал кичи районунда 14 жаштагы өспүрүм кыз бийик кабаттуу имараттан кулап каза болду. Kaktus.media сайтына күбөлөр билдиргендей, өспүрүм 13-кабаттан түшкөн.

Окуя 17-июлга караган түнү катталган. Күбөлөрдүн айтымында, өспүрүм кыз курбусунун үйүндө болуп, терезесинен кулаган.

Бишкектин Тез жардам кызмтынан бул фактыны тастыктап, кыз тез жардамчылар жеткенге чейин каза болгонун билдирди.

Ал эми милиция окуя такталып жатканын маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7551