Бети-башы канжалаган. Алматынын көчөсүндө кыз аёосуз сабалды
RU

Бети-башы канжалаган. Алматынын көчөсүндө кыз аёосуз сабалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Алматы шаарындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз кыз аёосуз сабалды. Бул тууралуу видео интернетке желдей тарады. Андан бети-башы канжалап жерге жатып калган кызды эки адам тургузуп, жардам берип жатканын көрүүгө болот.

Казак басылмалары Алматы шаарынын полиция департаментине таянып жазганына караганда, окуя 17-июлда катталган.

Ал эми кызды сабады делинген жаран жабырлануучунун жакыны. Учурда кол салган жаран кармалды. Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тыкыр көзөмөлдө экени айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7559