Чукул кабар! Абанын температурасы 42 градуска чейин жогорулайт
RU

Чукул кабар! Абанын температурасы 42 градуска чейин жогорулайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-25-июлда республиканын аймагында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, абанын күндүзгү температурасы аймактарда:

  • Чүй өрөөнүндө 36…41°;
  • Талас өрөөнүндө 34…39°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º, тоо этектеринде 34…39°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондорунда 24…29° болушу күтүлөт.

Мындай ченемден тышкары ысык аба ырайында организмде суунун жетишсиздиги пайда болот. Жогорку кан басымы жана жүрөк оорусу бар адамдарга ысыктан сак болуу сунушталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7565