Актриса Айгерим Саматовага жигити баш кошуу сунушун жасады
RU

Актриса Айгерим Саматовага жигити баш кошуу сунушун жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Актриса, "Кыска тамаша" долбоорунун резиденти Айгерим Саматова жакында бойдокчулук менен коштошот. Ага сүйүктүүсү баш кошуу сунушун жасады.

Актриса белгилегендей, жигити 18-июлда колун сурады.

"Эми күйөөгө качан тиесиң деген суроолордон кутулдум. Болочок жолдошум Мадияр Русланов экөөбүз университетте окуп жүргөндөн бери, тагыраагы, 6 сүйлөшүп жүрдүк. Бул аралыкта мени кызганып, чектеген жок. Тескерисинче, калып баратасың иште, тур деп дем берип жүрдү. Чыгармачылыгыма уруксат берген бирок чектен ашпаган гана ролдорго. Буюрса, колдоо болсо чыгармачылыгымды уланта берем.

Ал эми кыз-жигит экенибизди ачыкка качан гана тоюбуз болгондо чыгарам дегем, эми ошол күн келди. Ак тоюбузду 5-августка белгиледик", - деген Айгерим Саматова.

Актрисанын колун сураган мырза шоу бизнес чөйрөсүнөн алыс эмес, тагыраагы, Руслан Мадияров ырчы жана аткаруучу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7569