Камчыбек Ташиев жалгыз бой энеге 33 күндүн ичинде үй салып берди. Сүрөт
RU

Камчыбек Ташиев жалгыз бой энеге 33 күндүн ичинде үй салып берди. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл аймагынын тургунуна үй куруп берди.

Гүлшайыр Ташполотова эки баласын жалгыз багат. Ал Россияда иштеп жүрүп, Үлгү айылына үй салган. Бирок 2021-жылдын декабрында анын үйү толугу менен өрттөнүп кеткен. Жаңы курулушка каражаттын жоктугуна байланыштуу Ташиевге жардам сурап кайрылган.

Ташиев ага жардам берүүгө даярмын деп, 33 күндүн ичинде жаңы үй салып берген. Анда бардык шарттар каралган.

Ташполотовага үйдүн ачкычын Ташиев өзү тапшырды. Иш-чарага аялдын жакындары жана аксакалдары катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7575