"Жер сулуусу-2022" сынагына катыша турган Айжан Чаначева тууралуу фактылар
RU

"Жер сулуусу-2022" сынагына катыша турган Айжан Чаначева тууралуу фактылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жер сулуусу-2022" сынагына Кыргызстандын атынан 23 жаштагы Айжан Чаначева катышат. "Кыргызстан сулуусу" улуттук дирекциясынан маалымдашкандай, ал 2019-жылы "Кыргызстан сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү болуп, эл аралык сынакка катышууга жолдомо алган. Бирок "Жер сулуусу" сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Айжан Чаначева эмес Екатерина Заболотнова катышкан.

2020-жылы "Кыргызстан сулуусу-2020" улуттук сулуулар сынагы жана 70-Дүйнө сулуусу сынагы пандемиядан улам өтпөй калган. Мынан улам "Дүйнө сулуусу" сынагынын президенти Жулия Морли дүйнөнүн ар бир өлкөсүндө улуттук сулуулар сынагынын жеңүүчүлөрүнүн макамын бир жылга узартууну тапшырган. Ошентип Екатерина Заболотнова расмий түрдө "Кыргызстан сулуусу-2019-2020" наамын алуу укугуна ээ болгон.

2022-жылдын жазында Айжан Чаначева бул жагдайды жөнгө салуу үчүн "Кыргызстан сулуусу" дирекциясына кайрылган.

Айжан Чаначевнын сынакка катышуу үчүн көп күч-аракетин жана акчасын жумшап, бүткүл дүйнөлүк конгресске өлкөнүн атынан чыгам деген үмүтү эске алынып "Жер сулуусу-2022" эл аралык сулуулук сынагына жолдомо берилди. Эл аралык байкоочулар бул чечимди жактырышты.

  • Айжан Чаначеванын теги Нарындан, Бишкекте туулуп-өскөн.
  • 7 жашынан баштап хореография менен алектенген. 2020-жылы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факультетинин эл аралык бизнести башкаруу адистиги боюнча билим алган.
  • Окууну аяктагандан кийин Тайванда билим алууга мүмкүнчүлүккө ээ болгон.
  • Акыркы 2 жылдан бери Тайванда жашайт, окуудан тышкары Тайвандагы моделдик агенттикте модель болуп иштейт.
  • Айжан Чаначева англис, түрк жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
  • Ошондой эле Бишкектеги Avanto Models моделдик агенттиги менен да тыгыз кызматташып, дефиле боюнча сабактарды да берет.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7579