Актёр, тамада Каныбек Рыспаев ата болду
RU

Актёр, тамада Каныбек Рыспаев ата болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жарайт сити" долбоорунун резиденти, актёр, тамада Каныбек Рыспаевдин жубайы көз жарды. Ата-эне макамын алган түгөйлөр уулдуу болушту.

Кубанычы менен тең бөлүшкөн актёр жубайына ыраазчылыгын билдирди. Ал ошондой эле апасын неберелүү, карындашын инилүү болушу менен куттуктады.

30 жаштагы Каныбек Рыспаев "Жарайт сити" долбоорунан тышкары "Оштуктун 11 досу", "Убактылуу жигит", "ДвижЭние кылыш керек", "Чайки-Зайки" тасмаларында образ жараткан. Андан тышкары тамада, алып баруучу катары таанымал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7599