УКМК: Тажикстандын атайын кызматы кыргызстандыктарды туткунга алды деген маалымат фейк
RU

УКМК: Тажикстандын атайын кызматы кыргызстандыктарды туткунга алды деген маалымат фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда тажиктердин атайын кызматы Кыргызстандын жарандарын камакка алып, аларды кое бербей жатышат деген маалымат тараган. Улуттук коопсуздук комитети бул маалымат чындыкка дал келбегенин айтып, фейк маалымат экенин билдирди.

2021-жылдын 16-февралында чындап эле беш кыргызстандык жаранды мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Тажикстандын аймагынан камакка алышкан. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, алар 900 кг металлды, эки бодо мал, жана үч койду мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Азыр тажик тарап иликтөө жүргүзүп жатат. Камакка алынган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/759