Электриктер оргуштап кар жааганына карабастан кабелди оңдошту (видео)
RU

Электриктер оргуштап кар жааганына карабастан кабелди оңдошту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун электриктери кар калың жаап жатканына карабастан Сары-Камыш айылынын кабелдерин оңдошту. Бул видео экстремалдуу кинонун үзүндүлөрүнө окшош.

Видеону "Жалалабадэлектро" ишканасынын басма-сөз кызматы жарыялаган.

Басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, ишемби күнү күндүз Сары-Камыш айылы электр жарыгы жок калган. Айыл тоолуу аймакта, Токтогул шаарынан 80 километр алыс аралыкта жайгашкан. Кар калың жаагандыктан кышкысын ал жерге машине жетпейт. Унаа менен апрель айынан кийин гана барууга мүмкүн.

"Ишемби күнү авария болуп, электр жарыгы өчүп калган. Эки кызматкер Толук айылынан тартып, Сары-Камыш айылына чейин линияларды текшерип чыгышты. Дагы бир бригада Төө-Ашуудан Жумгал району аркылуу бизге жардам берүүгө жөнөгөн. Алар линиянын үзүлгөн жерин аныктап, аны кайра калыбына келтирип, базар күнү кечинде айылга жарык берилди. Кээде биздин кызматкерлер экстремалдуу шартта иштөөгө аргасыз болушат", - деп басма сөз кызматы айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/760