Казакстанга берилүүчү 330 миллион метр куб суу боюнча Суу чарба кызматынын түшүндүрмөсү
RU

Казакстанга берилүүчү 330 миллион метр куб суу боюнча Суу чарба кызматынын түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан коңшу Казакстанга 330 миллион метр куб суу берери айтылган. Бул боюнча Суу чарба кызматынын директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев Kaktus.media сайтына комментарий берди.

Айтымында, былтыркы жылы Токтогул суу сактагычында суунун жетишсиздигинен электр энергиясынын тартыш болуу коркунучу жаралып, Казакстан менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык, коңшу өлкө Кыргызстанга 900 миллион кВт саат электр энергиясын берүү макулдашылган.

"Кыргызстан өз кезегинде бул электр энергиясын үч жылдын ичинде, башкача айтканда, жыл сайын 300 миллиондон кайтарып берет. 300 миллион кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн 330 миллион кубометр суу керектелет. Токтогул суу сактагычынына 300 миллион электр энергиясын өндүрүү үчүн суу чыгарылат.

Электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн тиешелүү көлөмдөгү сууну чыгаруу керек", - деди Жайлообаев.

Белгилей кетсек, Казакстандын экология, геология жана жаратылыш ресурстары министри Сериккали Брекешев Казакстан Кыргызстандан 330 миллион метр куб сууну Чүй жана Талас дарыялары аркылуу аларын айткан. Суу Казакстанга товар алмашуу келишимине ылайык берилип жатканын белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7614