Бишкекте изделип жаткан кыз Ысык-Көлдөн табылды
RU

Бишкекте изделип жаткан кыз Ысык-Көлдөн табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы Адина Райканова Ысык-Көлдөн табылды. Ал дээрлик бир аптадан бери дайынсыз болуп изделип жатканын Биринчи Май РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Өспүрүм кыз 18-июлда саат 17:00 чамасында Мурас-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Мындан улам жакындары милицияга кайрылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө инспекторлор кызды аман-эсен таап, жакындарына өткөрүштү. Ошондой эле профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7622