Дайынсыз болуп жаткан Акылай жана Минур аттуу өспүрүмдөр табылды
Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы Акылай Баялиева жана 17 жаштагы Минур Кайратбек уулу 4 күндөн кийин табылды. Бул тууралуу өспүрүмдөрдүн жакындары билдиришти.
Маалым болгондой, алар эс алып жүрүшкөн.
Белиглей кетсек, өспүрүмдөр 20-июль күнү үйдөн чыгып кетишкен бойдон дайынсыз болуп, жакындары издөө салышкан. Кыз менен баланын Панфилов паркында эс алып жүргөнү видеого түшүп калган, андан кийин алардын кайда кеткени белгисиз болуп жаткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7623