Эми өлкөдө 5 телеканал көрсөтүлбөйт
RU

Эми өлкөдө 5 телеканал көрсөтүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маданият министрлиги 5 телеканалдын көрсөтүүсүн токтотту. Бул тууралуу аталган маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов маалымат жыйынында билдирди.

Иши токтотулган каналдар - "8-канал", "РТВ Медиа", "НТВ KG", "Домашный", "ЭМТВ" каналдары (уруксаты жокко чыгарылган). Аларга буга чейин эскертүүлөр жана айып пулдар салынган.

Ошондой эле министрлик тарабынан 6 айдын ичинде 2 радиоканалга, 3 телеканалга (1 кайра таризделген) жана 158 телерадиоберүү операторуна (2 оператор) уруксат берилген.

Министрдин айтымында, телеканалдар тил саясатын сактаган эмес. Жобого ылайык, берүүлөрдүн мазмунунун 50 пайызы кыргыз тилинде болушу керек болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7628