Аномалдуу ысык уланат. Министрлик иш сааты кыскартылышы керектигин белгиледи
RU

Аномалдуу ысык уланат. Министрлик иш сааты кыскартылышы керектигин белгиледи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Синоптиктер өлкөдө чектен ашкан ысык аба ырайы уланарын айтышууда. Ал арада саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков аномалдуу ысыкта кандай чаралар көрүлөрүн жыйын учурунда эске салды.

Ал күн тийген жерлерде жүрбөөнү, таттуу, эч кандай кошулмасы жок таза сууну көп ичүүнү сунуштады.

Касымбеков ошондой эле Эмгек кодексине ылайык, абанын температурасы 40 градустан жогору болсо, ачык жайда иштөө токтотулушу керектигин эске салды. Ал эми кеңселерде иштегендердин иш убактысы бир, бир жарым саатка кыскартуу керектигин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7629