Көл суусуна союлган малдын калдыктары кошулуп жаткан жай аныкталды
RU

Көл суусуна союлган малдын калдыктары кошулуп жаткан жай аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүз районунда сууну булгап жаткан мал союлучу жай аныкталды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-июлда туристтик- экологиялык милициянын кызматкерлери Ысык-Көл айылында жакында эле ачылган мал союучу жайды аныкташкан.

Текшерүү учурунда союлган малдын калдыктары түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошулары аныкталды.

Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж`нын айтымында, өзү баккан малды союп, этин сатуу менен алектенет. Союлган малдын калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган. Бирок жакында суу көтөрүлүп малдын калдыктары сууга агып кеткендигин түшүндүргөн.

Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7631