Унаа талкаланып кеткен. Россиялык жарандардын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (видео)
RU

Унаа талкаланып кеткен. Россиялык жарандардын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-июлга караган түнү саат 1:30 чамасында Ош шаарындагы, Гапар Айтиев көчөсүндө жол кырсык болуп, үч адам көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБдин Кайгуул күзөт кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Hyundai Santa Fe үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, түркүктү сүзүп кеткен. Унаанын ичиндеги үч адам тең каза болгон. Алар Россиянын жарандары экени айтылды.

Видеодон автоунаа чачырап кеткенин көрүүгө болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7637