Казак жаранын дээрлик 25 миллион сомго алдап кеткен келин кармалды
RU

Казак жаранын дээрлик 25 миллион сомго алдап кеткен келин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылганга шектелип 32 жаштагы келин кармалды. Ал казак жаранын алдап кеткенин Октябрь РИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-мартта Казакстандын жараны милицияга арыз менен кайрылган. Ал февраль айында Бишкектеги "Орто-Сай" базарында Ж.Т. аттуу таанышы кийим тигип берүүнү убадалап, 24 миллион 779 миң сомун алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факты 209-берененин 4-пункту (ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 32 жаштагы Ж.Т. кармалды. Шектүүгө карата Октябрь райондук соту 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чарасын тандады.

Эгерде сүрөттөгү жарандан зыян тарткандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери суранат.

Байланыш номерлери: 0(500)15-11-11, 0(703)00-72-64 же 102.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7652