Энергетика министри кийинки жылы электр энергиясынын баасын көтөрүү керек деп эсептейт
RU

Энергетика министри кийинки жылы электр энергиясынын баасын көтөрүү керек деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кийинки жылы электр энергиясынын тарифин жогорулатыш керек деген оюн айтты. Мындай пикирин ал маалымат жыйында билдирди.

"Быйыл электр энергиясынын тарифи Садыр Жапаровдун сунушу менен өзгөртүлбөй турат. Бирок, кийинки жылы бааны көтөрсө болот деп ойлойм. Эгер 2023-жылы энергетика тармагына республикалык бюджеттен субсидия кылбасак, эң төмөнкү тариф 1,5 сом болмок. Ал эми 2030-жылы дагы эки эсе кымбаттамак.", – дейт ал.

Бекмурзаевдин айтымында, экономиканын бардык тармагында баалар өсүп, светтин тарифи өзгөрбөй турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7655