Эркектер өспүрүм кызды унаага салып алып сабашкан. Азыр кыздын дайыны жок. Видео
RU

Эркектер өспүрүм кызды унаага салып алып сабашкан. Азыр кыздын дайыны жок. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда белгисиз адамдар унаада отурган кызды сабап жаткан учур тартылган видео тарады. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар аны акча уурдагандыктан сабашкан.

Видеодо кыз камера артында турган адамдардан 10 миң сом алып Расулга которгонун айтат. Сабап жаткандар уруксат сурабай, акчанын баарын алып качып кеткенин айтышкан.

Андан тышкары кыз аларга жашын башкача айткан. Тагыраагы өзүн чоң адам көрсөткөн.

Эркектердин айтымында өспүрүм кыз акчасын апасына жибербей, иштетип салган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, бул багытта ыкчам кызматкерлер үч күндөн бери иш алып барышууда, алардын өздүгү мурда такталган.

"Шектүүлөрдүн бири буга чейин үч жолу соттолгон, Ноокат районунун тургуну", - деп билдирди РИИБ.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлери окуя болгон жерди тактап жатышат. Бул факты кылмыштарды каттоо китебине катталган.

"Кыздын өзүн таба албай жатабыз. Бирок биз анын туугандары менен байланыштык. Жакынкы аралыкта жабырлануучуну табабыз", - деп билдиришти РИИБден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7659