Көздүн көрүүсүн жакшырта турчу өтө маанилүү элемент
RU

Көздүн көрүүсүн жакшырта турчу өтө маанилүү элемент

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адистердин айтымында, А витамини көздүн көрүүсүнө жардам берген өтө маанилүү элементтердин катарына кирет. Ал көрүү нервдерин жана көздүн булчуңдарын бекемдейт. Бул витамин жетишпесе, көз кургап, жаш каналдары суюктукту жакшы өткөрө албай калат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, "Бул көйгөй компьютер менен иштеген адамдардын көпчүлүгүндө бар. А витамининин жетпей калышынан улам - күүгүмдө көздүн жакшы көрбөй калышы. Мындай учурда адамдар кечкисин окуй албай, алысты, анча чоң эмес жарыкты көрбөй калат", - деп белгилешет дарыгерлер.

А витаминин көбүнчө жер-жемиштин жаңы сыгылган ширесинен алса болот. Ошондой эле уй, кой, тоок жана балыктын боорунда көп болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7662