Коронавируска каршы сагыз ойлоп табышты
RU

Коронавируска каршы сагыз ойлоп табышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британиядагы Пенсильвания университетинин кызматкери коронавируска каршы атайын сагыз иштеп чыккан. Бул тууралуу "RG" порталы университеттин фундаменталдык илимдеринин профессору Генри Даниеллага шилтеме жасап билдирген.

Бул сагыз шилекейдеги вирусту зыянсыздандырууга мүмкүндүк берип, анын жугуу мүмкүнчүлүгүн азайтат.

Сагыздын курамында ACE2 жасалма жол менен өстүрүлгөн салат протеин бар. Вирустун бөлүкчөлөрү протеинге жабышып, коронавирустун ооз көңдөйүндөгү активдүүлүгү 95% га төмөндөйт.

Азыр анын авторлору дарыны коронавируска каршы профилактика катары фармацевтикалык рынокко алып чыгуу үчүн клиникалык сыноолорду баштоону пландаштырууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7681