UFC чемпиону Жулианна Пенья Валентина Шевченконун титулун легитимсиз деп эсептейт
RU

UFC чемпиону Жулианна Пенья Валентина Шевченконун титулун легитимсиз деп эсептейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC чемпиону Жулианна Пенья Аманда Нунес менен Валентина Шевченконун титулдарын легитимсиз деп эсептейт.

"Жарымжеңил салмак категориясы – бул салмактан арылууну каалабаган жеңил салмактагы кыздар. Валентина Шевченко Аманда Нунести эки жолу жеңе албагандыктан UFC дагы жеңил салмак категориясын түзүүгө аргасыз болду. Алар 125 фунт (57 кг) салмакта күрөшө алгыдай бөлүм түзүшкөн. Чыныгы кармаштар, эң мыкты мушташтар 135 фунт (61 кг) ", - деди Пенья Yahoo Sports басылмасына.

31-июлда UFC 277 турниринде Пенья жеңил салмактагы чемпиондук наам үчүн дагы бир жолу Нунес менен беттешет.

Пенья менен Шевченко 2017-жылы жеңил салмакта (61 кг чейин) беттешкен. Анда кыргызстандык экинчи раундда жеңишке жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7693