Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды
RU

Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир күн мурда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайындагы жол жабылып, эки тараптуу каттамдар убактылуу токтотулган. Селди тазалоодон улам кечке маал Балыкчы – Бишкек каттамы ачылган.

Бүгүн, 31-июлда саат 10:02дө капчыгайдагы жол эки тараптуу ачылды. Ошондой эле болжол менен 20-22 миң куб кум-шагыл тазаланды.

Эске салсак, кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7705