Робот шахматтан жеңилип баратканда чычалап жаш баланын манжасын сындырган (видео)
RU

Робот шахматтан жеңилип баратканда чычалап жаш баланын манжасын сындырган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда 19-июлда өткөн шахмат турниринде шахмат роботу 7 жашар баланын манжасын сындырган. Бул маалыматты Москванын Шахмат федерациясынын башчысы Сергей Лазарев ТАСС басылмасына тастыктап, буга чейин робот менен мындай инциденттер катталбаганын белгилеген.

Интернетте тараган видеодо робот жаш баладан жеңилип баратканда анын шахмат фигурасын алып, андан кийин анын манжасын сындыра баштаганын көрүүгө болот.

Жабырлануучу Кристофер Москванын 9 жашка чейинки эң күчтүү 30 шахматисттин катарына кирет. Ал эми Chessrobot атайын шахмат ойноо үчүн жасалган робот.

Маалыматта Кристофер кийинки оюнун гипс менен улантканы айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7713