Боомдо кайрадан сел жүрдү. Учурда жол бир тараптуу ачылды
RU

Боомдо кайрадан сел жүрдү. Учурда жол бир тараптуу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-августта Боом капчыгайында унаа жолго сел суулары түшүп, жол жабылды. Бул туурасында жолдо калып калган ырчы Дайыр Исмадияров тарабынан маалым болду.

Айтымында, ал Ат-Башыдан Бишкекке келе жаткан. Саат 14:00 чамасында Боом капчыгайында унаа жолго сел суулары менен кошо кум-шагыл түшүп, жол эки тараптуу жабылды.

Ырчы сел жүрүп жаткан аймактагы видеолор менен бөлүшүп, жерине ӨКМнын кызматкерлери келишкенин билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек – Балыкчы – Каракол унаа жолунун 144-145-чакырымы жана 154-155-чакырым аралыктарында сел жүргөнүн, учурда жол бир тарапту ачылганын кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7721