Шашылыш билдирүү! 24-февралынан 26-февралына чейин аба-ырайы туруксуз болот
RU

Шашылыш билдирүү! 24-февралынан 26-февралына чейин аба-ырайы туруксуз болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шашылыш билдирүү!

2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

25-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

25-26-февралдарда абанын температурасы абдан төмөндөп:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18° суук, күндүз -6…-11° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20° суук, күндүз -6… -11° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин,

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -8…-13° суук, күндүз -1…-6° суук,

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20…-25° суук, күндүз -7…-12° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30° суук, күндүз -8…-13° суук болушу күтүлөт.

2021-жылдын 24-февралынан 26-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 68-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-93 чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/773