Бишкекте 14 кабаттуу имараттан чыккан өрт өчүрүлдү
4633
Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар жок экенин кабаралды.
slide 3 of 2
Маалым болгондой, Манас кең көчөсү менен М.Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде 14 кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт саат 21:44тө чектөөгө алынып, саат 23:45те толук өчүрүлдү.
Курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө 45 куткаручуу, өрт өчүрүүчү 7 бөлүм тартылды. 14-кабатта курулуш материалдары күйгөн, учурда келтирилген зыянды тактоо иштери улантылып жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7744