Президенттин кеңешчиси болуп Алтынбек Жумаев дайындалды (Ташиевдин досу)
RU

Президенттин кеңешчиси болуп Алтынбек Жумаев дайындалды (Ташиевдин досу)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды.

Жумаев төрт окуу жайын - Кыргыз улуттук университетин (1991), Кыргыз-Россия билим берүү академиясын (2004), Ош мамлекеттик университетин (2017), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын (2021) бүтүргөн.

Маданият жана билим берүүнүн отличниги төш белгилери бар.

1998-жылдан Улуттук телерадиокорпорациясында иштеген. 2005-2006-жылдары мамлекеттик аппараттын эксперти болгон. 2010-жылы "Канал D" ("7-канал") телекомпаниясын негиздеген.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы үгүт иштерин жетектеген.

2021-жылдын ноябрь айынан декабрь айына чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон. ЖМКлар Жумаев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин көптөн бери өнөктөшү жана досу экенин жазып чыгышкан. Ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков менен да дос. 2017-жылы аны менен биргеликте Ош шаарында НурТВ каналын ачкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7751