Кыргыз ырларына бийлеген италиялык тиктокчу: Тилди түшүнбөйм бирок музыкалары абдан жакты
RU

Кыргыз ырларына бийлеген италиялык тиктокчу: Тилди түшүнбөйм бирок музыкалары абдан жакты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күндөн бери италиялык тиктокер Алессандро Карусонун кыргыз ырларына бийлеп, ырдаган видеолору тарап, позитивдүү маанай тартуулоодо. Алессандро Карусо алгач "Биз" тобунун "Буй-буй" ырына бийлеп, кийин ырга кошулуп ырдаганын, андан кийин Бек Борбиевдин, "Кыргыз руху" тобунун ырларына бийлеген видеолору менен бөлүштү.

Талкуу жараткан тиктокчу менен SUPERTV маектешити. Анда Алессандро Карусо ата-энеси менен Италиянын Неаполь шаарында киийм дүкөнүн иштетерин, бир кызы бар экенин айтып берди.

Эртең 44 жашка чыгам. Өзүм жөнөкөй эле кишимин, социалдык тармактарда өтө активдүүмүн. Чет элдик ырларды уккан абдан жагат. Эң көп грузиндердин ырын уккам. Ошондой күндөрдүн биринде бир жагымдуу ыр угуп калдым. Издесем кыргызча экен. Ошондон кийин кыргыз ырларына болгон кызыгуум жаралды.

Алессандро Карусо Кыргызстан тууралуу мурда маалыматы болбогонун ырларды уккандан кийин кеңири билип баштаганын айтты. "Тилекке каршы, азыр кыргыз тилин түшүнбөйм. Бирок ырлары аябай жагат, өтө керемет".

Ал эми Тиктокко видео тартууну пандемияда жумушу токтоп калганда баштаганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7756