Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси абактан чыкты
RU

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси абактан чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин мурдагы кеңешчиси СИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди.

Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова Каракол сотунун чечими менен 2022-жылдын 11-сентябрына чейин үй камагында болот. Ал кэче соттун чечими менен СИЗОдон бошотулду.

Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысынын кеңешчиси 17-майда "Пара талап кылууга" шектелип Каракол шаарына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7770