Баштары бириккен эгиздер ийгиликтүү ажыратылды. Операция 27 саат болгон (видео)
RU

Баштары бириккен эгиздер ийгиликтүү ажыратылды. Операция 27 саат болгон (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үч жаштагы сиам эгиздери Бернардо менен Артур Лиманын бириккен баштары ажыратылды. Операция Лондондогу Грейт-Ормонд-стрит балдар ооруканасында дарыгерлеринин катуу жетекчилиги астында жасалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.

Дарыгерлер бир нече ай машыгып, ажыратуунун эң коопсуз жолун табууга аракет кылышты.

Хирург Нур уль Овасе Джилани бул операцияны "космос доорунун продуктусу" деп атады. Анын айтымында, биринчи жолу башка-башка өлкөлөрдө жайгашкан хирургдар бир "виртуалдык реалдуулук бөлмөсүндө" чогуу иштешкен.

Жалпысынан эгиздерге жети операция жасалган. Акыркысы 27 сааттан ашык убакытка созулуп, ага дээрлик 100 дарыгер катышты.

Хирург 27 саат операцияны болгону төрт жолу 15 мүнөттүк тамактануу тыныгуусу менен өткөргөн.

Операциядан кийин эгиздердин кан басымы жана тамыр кагуусу кескин жогорулап кеткен. Бирок кийин көрсөткүчтөр нормалдуу калыбына келген. Эми алар алты айлык реабилитациядан өтүшөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7771