Бишкекте көмүр базалары ачылды. Даректери
RU

Бишкекте көмүр базалары ачылды. Даректери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин төрт районунда көмүр сатуучу пункттар ачылды. Борбор калаанын мэриясынан көмүр базаларынын даректерин жарыялады. Ага ылайык:

Ленин районунунда 7 база иштейт

- Садыгалиев көчөсү, №4б дарегиндеги "Руслан жана МАК" ЖЧКсы (мурдагы "Ак-Жол" ЖЧКсы);

- Мурман көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы (патенттин негизинде: Мустафаев Улан);

- Мурман көчөсү, 45/2 дарегиндеги "Кара-Тоо" ЖЧКсы (мурдагы "Торг-Синтез"ЖЧКсы);

- Мурман көчөсү, 122 жана 122а даректериндеги "Береке" ЖЧКсы;

- Мурман көчөсү, 1Б дарегиндеги "Беш Сары" ЖЧКсы ;

- Дэн Сяопин кең көчөсү, 306а дарегиндеги Коргоо министрлигинин көмүр базасы;

- Дэн Сяопин кең көчөсү, 308/4 дарегиндеги "Болотбеков" ЖИ.

Свердлов районунда

- Достоевский көчөсү, 1 дарегинде 1 көмүр базасы бар.

Октябрь районунда

- Кара-Жыгач конушундагы Сары-Өзөн көчөсү 98а дарегинде "Глобал Азия Пропертис" ЖЧКсынын 1 көмүр базасы бар.

Биринчи Май районунда

- Азырынча отун базалары жок, бирок жыл сайын күз-кыш мезгилиндеги жылытуу мезгилинде көмүр сатуучу 20га жакын стационардык пункттар ачылат.

Муниципалдык администрациялардын кызматкерлери райондун жашоочулары менен көмүрдү өз убагында камдоо, электр энергиясын тиричилик муктаждыктары үчүн пайдалануу, жаратылыш газына кошулуу жана жылытуунун альтернативдүү булактарына өтүү мүмкүнчүлүгүн кароо маселелери боюнча жолугушууларды өткөрүүнү улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7786