Көбү ыраазы. Куткаруучу менен инспектордун Боомдо ылай суу кечип жүргөнү талкууда
RU

Көбү ыраазы. Куткаруучу менен инспектордун Боомдо ылай суу кечип жүргөнү талкууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-августта Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 135-136 чакырымында сел жүрүп, Боом капчыгайында жол жабылган. Мындану улам жол тыгыны пайда болуп, жеринде ӨКМнын жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери түшүндүрүү жана тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Айдоочулар инспекторлор менен куткаруучулардын сел сууларын кечип жүргөн сүрөтүн тартып алышкан. Көпчүлүгү кызматкерлерге карата жакшы пикирлерин калтырышып, айрымдары ыраазычылыктарын айтышууда. Ал эми айрымдары суу кечип жүргөн кызматкерлердин иши оор экенин белгилеп, аёо сезимдерин билдиришти.

Кийинчерээк жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөп жүргөн инспектор Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7790