Камчы Көлбаевге жаза чарасын узартышты
RU

Камчы Көлбаевге жаза чарасын узартышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Камчы Асанбекке (Камчы Көлбаев аты менен көбүрөөк таанымал) жаза чарасын узартышты. Бул жөнүндө kaktus.media'га Биринчи май райондук соттон маалымдашты.

Мекемеде Көлбаев №47 колонияда 22-мартка чейин калаарын айтышты.

Мындай өкүмдү сот бир жума мурун 17-февралда чыгарганын белгиледи.

Эске салсак, кримтөбөл Камчы Көлбаев 22-октябрда Бишкекте кармалган. 23-октябрдан тартып, тергөө жүргүзүлүп жаткан учурда СИЗОдо болчу. Сотко чейинки иш жүргүзүү чегинде ага "Кылмыш топ түзүү жана анда катышуу" беренеси боюнча айып коюлган. 2-ноябрда ден-соолугуна байланыштуу Көлбаев №47 колонияга которулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/779