Бишкекке Мушкер Хабиб менен белгилүү блогер Хасбулла келди. Видео, сүрөт
RU

Бишкекке Мушкер Хабиб менен белгилүү блогер Хасбулла келди. Видео, сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFCнин мурунку чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен "Хасбик" деген каймана ат менен белгилүү болгон блогер Хасбулла Магомедов Кыргызстанга келишти. Бул тууралуу Хабиб социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөт жүктөгөн.

Ал белгилегендей аны таң атпай эле эт менен сыйлашкан.

Мушкер 10-август күнү Бишкекте өтө турган Нурмагомедовдун уюму аталган EFC уюштуруп жаткан турнирге келген. Беттеш Бишкек Аренада аралаш мушташ (ММА) боюнча болот. Анда кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Расул Магомедов менен беттешип, чемпиондук наамын коргойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7801