Бишкекте кечинде ок атышуу болду. Милиция окуянын себебин тактап жатат
RU

Бишкекте кечинде ок атышуу болду. Милиция окуянын себебин тактап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ кечинде Бишкекте ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май районундагы көчөлөрдүн биринде Range Rover унаасынын жүргүнчүлөрү башка адамдар менен жаңжалдаша кетип, аларга карата ок чыгарган. Андан кийин унаа менен белгисиз тарапка кетишкен.

Милиция кызматкерлери ок чыгарган делинген жарандарды аныктоо, кармоо иштерин баштаган. Азырынча шектүүлөр кармала элек жана жаңжалдын себеби белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7803