Ысык-Көлдө эгин талааларын жана жолду сел каптады. Видео
RU

Ысык-Көлдө эгин талааларын жана жолду сел каптады. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-августта Ысык-Көлдөгү Сары-Камыш айылында 20 гектар буудай жана беде айдоо аянтын жана жолду сел каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сел Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, бирок жол каттамы жабылган эмес. Мындан тышкары Сары-Камыш айылынын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан эки көпүрө да ар жеринен желип, асма лотокторду кулатып кеткен.

Ал жеодеги тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө 4 куткаруучу барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7815