Салык кызматы бир нече отчеттун формаларын бириктирди
RU

Салык кызматы бир нече отчеттун формаларын бириктирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгектик мамилелер боюнча отчеттордун формалары бириктирилгендигин Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Белгилүү болгондой, өкмөттүн 2021-жылдын 27-январындагы №24 токтомунун негизинде бириктирилген отчеттун формасы (FORM STI-161) жана аны толтуруу жана берүү тартиби бекитилген.

Алардын бириктирилүүсү салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү отчетторду жөнөкөйлөтөт, санын кыскартат, алар үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана Кыргыз Республикасынын эл аралык рейтингде позициясын жакшыртат.

Бириктирилген отчет чакан жана орто ишкердик субъект, коммерциялык эмес уюм болуп саналбаган салык агент тарабынан 2021-жылдын 1-апрелинен тартып электрондук түрдө гана берилет.

Бириктирилген форма отчеттуулуктун 5 түрүн алмаштырат, анын ичинде:

1) Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгы боюнча отчет (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкаркы) (FORM STI-134);

2) Салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-017);

3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдер боюнча иштеген жеке жактардан салык агенти кармап калган киреше салыгынын жана төлөнгөн кирешелердин суммалары жөнүндө маалымат (FORM STI-058);

4) Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсеп ведомосту;

5) Эмгек боюнча отчет (Форма № 1-Т).

Ошентип салык төлөөчү (чакан жана орто ишкердик субъекттен, коммерциялык эмес уюмдан тышкары) тарабынан салык органдарына жана Улуттук статитстика комитетине берилүүчү отчеттуулуктун беш түрдүн ордуна бир мамлекеттик органга – салыктык же эсептик каттоосу боюнча салык кызматына бир отчет берилет, деп МСКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 116 номери боюнча же sti.gov.kg сайтынан алууга болот алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/781