"Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагын берүүчү мугалимдерди 73 тренер даярдай баштады
Бишкек жана Ош шаарларында "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметинин мугалимдеринин тренерлерин даярдоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
1-2 жума аралыгында 73 тренер облустардагы мектептердеги 2601 мугалимди окутат. Окутуу оффлайн жана онлайн форматта өтөт. Маалыматка ылайык, "Диндердин өнүгүү тарыхы" предметинин стандарты даярдалып бүткөн.
Белгилей кетсек, 1-сентябрдан баштап 9-класстын окуучуларына "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы өтүлө баштайт. Бул сабакты теологдор жана тарых сабагынан берген мугалимдер бере алышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7822