Көчөнү каптап... Жалал-Абадда сел жүрдү (видео)
RU

Көчөнү каптап... Жалал-Абадда сел жүрдү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 9-августта Жалал-Абаддагы Өрүктү айыл өкмөтүндө сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Жаандын кесепетинен сел жүрүп, 4 турак үйдүн мал сарайларын каптап, 1 турак үйдүн короосунда жана жер төлөсүнө суу толгон. Андан тышкары унаа жолдорду да сел каптаган. Бирок, учурда жол каттамы ачык. Кырдаалга байланыштуу айыл аймакка техникалар тартылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7842